10.05.2018 15:20

ЖЭБди модернизациялоо боюнча документке кол койгондор аныкталды (тизме)

ЖЭБди модернизациялоо боюнча документке  кол койгондор аныкталды (тизме)

Бүгүн Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтөө үчүн түзүлгөн  депутаттык комиссиянын корутундусу каралып жатат.

Комиссия ЖЭБди модернизациялоо боюнча документке төмөндөгү адамдар кол койгонун аныктады: 

  •  КР мурунку премьер-министри  Жоомарт Оторбаев;
  •  андагы президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков;
  •  президент аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Нурсулуу Ахметова;
  •   ЖК 5-чакырылышынын депутаттары Турсунтай Салимов, Гульнара Жамгырчиева;
  •  Экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов;
  •  Каржы министринин орун басары  Мирлан Байгончоков;
  •  Энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары  Айбек Калиев;
  •  Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Канатбек Муратбеков;
  •  Маммүлктү башкаруу фондунун мурунку орун басары Бакыт Шаршенбиев;
  • «Электр станциялары» ААКтын мурунку башкы директорлору Салайдин Авазов, Абдылда  Исраилов, Узак Кадырбаев, Таалайбек Толубаев;
  •  «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын мурунку жетекчиси Бакыт Абдиев;
  •  ӨКМге караштуу өрткө каршы кызмат мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары  Догдурбек Абдираев;
  •  Өнөр жай, энергетика жана кенди пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары (азыр төрагасы) Уланбек Рыскулов;
  •  Мамэкотехинспекциянын архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Ашырбаев;
  •   Бишкек ЖЭБ директору  Андрей Воропаев;
  •   ЖЭБдин мурунку директору Нурлан Өмүркул уулу;
  •  Айлана-чөйрө жана токой чарба мамлекеттик агенттиги башкармалыгынын жетекчиси Кеңешбек Жумабеков;
  •  Мамлекеттик экотехинспекциянын инспектору  Ш.Е Ачилдиев;
  •  Бишкек ЖЭБин модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору  Темирлан Бримкулов.