11.07.2019 20:00

Жээнбеков менен Путиндин шашылыш жолугушуусу. Президенттер эмнени талкуулашты? (ВИДЕО)

Жээнбеков менен Путиндин шашылыш жолугушуусу. Президенттер эмнени талкуулашты? (ВИДЕО)

Бүгүн, 11-июлда КР президенти Сооронбай Жээнбеков Москвада Россия президенти Владимир Путин менен жолугушту. Мамлекет башчы ал жакка Швейцарияга болгон сапарынан кайтып келатып, бара кетти.

Буга чейин президент аппараты өлкө башчынын Путин менен жолугаарын ачыктаган эмес. Кремлдин басма сөз кызматы гана «Кыргызстан президенти кыска мөөнөтүү сапар менен Россияда болуп, РФ президенти менен жолугаарын» жазган.  

Орус ЖМКлары эки өлкө президенти интеграция маселесин талкуулашканын жазып чыгышты. Жээнбеков эки тараптуу мамиле ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле, Путиндин жакында эле Кыргызстанга жасаган сапарында 6 млрд. долларлык элүүдөн ашык макулдашууга кол коюлганына токтолуп, жолугушууну жемиштүү деп баалады. 

«Кыргыз эли сизди Кыргызстандын чыныгы досу катары баалайт», - деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле Орус-кыргыз инвестициялык фондунун ишин белгиледи. Аягында Путинди Кыргызстанда өтүүчү ЖККУнун сессиясынан күтөөрүн билдирди.