01.07.2019 12:26
Жээнбековдун мурунку кеңешчиси Конституциялык палатага төрага болуп дайындалды
© Danaker.org
Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси Конституциялык палатага төрага болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Конституциялык палатанын мурунку төрагасы Эркинбек Мамыровдун 3 жылдык иштөө мөөнөтү ушул жылдын 30-июнунда аяктаган. Мындан улам, 1-июлдан тарта бул кызматты Карыбек Дүйшеев ээлемей болду.
Карыбек Дүйшеев аталган палатага судья болуп дайындалганына 10 гана күн болгон. Ал 2013-2014-жылдары Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы, депутат Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болчу.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: