02.11.2018 10:22
Жерге түшүп калган «Ала-Тоо» аянтындагы желек кечке чейин ордуна тагылат
Борбор калаанын «Ала-Тоо» аянтында жерге түшүп калган башкы туу бүгүн кечке чейин ордуна тагылат. Бул туурасында «Тазалык» ишканасынан билдиришти.
«Азыр зымды алмаштырып жатабыз. Башкы туу эч нерсе болгон жок. Кечке чейин бүтүп калабыз», -дейт маалымат кызмат.
Белгилей кетсек, бүгүн, 2-ноябрда таңкы саат 7:45терге борбордук аянттагы желек жерге түшүп калган. Себеби, жааган кардан улам желек оорлошуп, аны кармап турган зым үзүлүп кеткен.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: