13.08.2018 11:53

Жети айда күмөндүү акциздик маркалар менен 77 миңден ашык бөтөлкө алкоголь алынды

Жети айда күмөндүү акциздик маркалар менен 77 миңден ашык бөтөлкө алкоголь алынды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин рейддик иш- чараларынын жүрүшүндө күмөндүү акциздик маркалар менен 4,2 млн сом суммасындагы 77 миң 277 бөтөлкө алкоголдук продукция алынды. Бул туурасында аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мындан тышкары, көрсөтүлгөн мезгил ичинде 537,3 миң сом суммасындагы 11 миң 601 таңгак тамеки продукциясы тартылып алынды.

Салык кызматы соода-базар комплекстериндеги («Глобус», «Фрунзе», «Бишкек оптомаркет», «Народный» жана башка супермаркеттер, базарлар, ири дүкөндөр) акцизделүүчү  контрафакттык товарларды аныктоо боюнча туруктуу негизде иш жүргүзүүдө.

Тартылып алынган товарлар жана материалдар Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына экспертиза жүргүзүү жана корутунду чыгаруу үчүн, ошондой эле башка укук коргоо органдарына тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилет.

Ошондой эле, эске сала кетсек, жарандар салык кызматынын сайты аркылуу өз алдынча алкоголдук жана тамеки продукцияларына чапталган акциздик маркалардын аныктыгын текшере алышат. Бул үчүн www.sti.gov.kg сайтынын “Электрондук сервистер” бөлүмүнө кирүү керек, ал жерде “Акциздик маркаларды издөө” функциясы иштейт.

Алсак, акциздик марканын түрүн, көлөмүн жана номерин көргөзгөн учурда импорттоочу чарбалык субъектинин же акциздик марканы алган акцизделүүчү продукцияны өндүрүүчүнүн аталышы жана ИСНи, ошондой эле акциздик марканын берилген күнү жөнүндө маалымат берилет.

Акциздик марка жасалмаланган болсо же туура эмес номер киргизилсе, система «Суралып жаткан акциздик марка берилген эмес» деген билдирүү берет.

Мамлекеттик салык кызматы, жасалма акциздик маркалар табылган учурда жарандарды 194 номери боюнча маалымат борборуна же info@sti.gov.kg электрондук дарегине кайрылуусун суранат.