28.05.2018 17:16

Жети жашар баланы Сирияга алып кеткени жатышат

Жалпы маалымат каражаттарынын күчүнө ишенип, April.kg сайтына Гүлнара Ибрагимова аттуу жаран кайрылды. Анын сөзүнө ишенсек, уулу жана келини небересин күч менен тартып алып, Сирияга кошо көчүрүү аракетин көрүшүүдө. Чоң эне жети жашар баланы ымыркай кезинен бери чоңойткон.

Социалдык кызматтар энеге жардамдашкандын ордуна, аны интернатка жайгаштырууну оң көрүшүп, талашка түшүштү. Учурда каармандарыбыз мыкаачы ата-энеден жашырынып, коркуп жүрүшкөн маалы.