17.04.2018 13:04

Жети-Өгүз айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын класстар ачылды

Жети-Өгүз айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын класстар ачылды

Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айылындагы  Д.Иманов атындагы орто мектепте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын класстар ачылды. Бул туурасында Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, ал класстарда окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ошондой эле, коңшу айылдардан  мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды  мектепке ташып келүү үчүн автобус каралган.

Мындай балдардын ата-энелери сабактарга балдары менен чогуу катышып, мугалимдерге жардам беришет. Ата-энелер мындай класстар балдардын өнүгүүсүнө жакшы таасир этип жатканын билдиришет.

Билим берүү министрлиги атайын класстардын мугалимдери үчүн айлык акы корун бөлүп берүүдө.