06.06.2018 18:19

Жеңеси тарабынан сабалган бала ооруканадан чыгарылды

Жеңеси тарабынан сабалган бала ооруканадан чыгарылды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жеңеси тарабынан сабалган бала ооруканадан чыгарылды. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү  министрлиги билдирди.

Бүгүнкү күндө баланын абалы канааттандыраарлык жана апасы экөө баланын атасынын туугандарыныкында жашап жатышат. Баланы сабаган Гүлбарчын Чекирова жана анын баласы Арген Жумабеков укук коргоо органдары тарабынан суралууда. 

Баланын үй-бүлөсүнө жана балага психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүлүүдө, деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, буга чейин Балыкчы шаарында аял кайын эжесинин 2 жаштагы баласын сабап, ал ооруканага түшкөн. Баланын апасы акча табуу максатында Каракол шаарына иштеп кеткени айтылган. Кийин күнөөнү аялдын 14 жаштагы уулу өзүнө алган. 

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши ачылган.