21.06.2018 12:38

Жеңилдетилген негизде унаасын кайра каттатуу мүмкүнчүлүгүнөн 96 миңден ашуун адам пайдаланды

Жеңилдетилген негизде унаасын кайра каттатуу мүмкүнчүлүгүнөн 96 миңден ашуун адам пайдаланды

Бүгүнкү күнгө чейин унааны жеңилдетилген негизде кайра каттатуу мүмкүнчүлүгүнөн 96 миң 419 адам пайдаланды. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. 

Унааларды кайра каттоо боюнча жеңилдетилген кампания 2 -апрелде башталган. Мына ошол убактан бери  96 миң 419 менчик ээси унааларын өзүнө каттаткан.  Былтыркы жылы дал ушул аралыкта мындан 3 эсеге аз унаа кайра каттоодон өткөн болчу.

МКК маалыматы боюнча, кампания алкагында Чүй облусунда эң көп унаа- 19 миң 643 даана кайра каттатылды, Бишкекте –17 миң  822, Ош облусу  – 17 миң  680, Жалал-Абад облусу  – 12 миң  274, Ысык-Көл облусу  – 8 миң  333, Баткен облусу  – 7 миң  406, Ош шаары  – 5722, Нарын  облусу  – 4 миң 362 жана Талас  облусу – 3 миң 177.

Үч айга созулган акция  2-июлда жыйынтыкталат.