03.05.2018 10:48

Жеңиш күнү жүздөгөн түгөйлөр Өчпөс оттун жанында бийге түшөт

Жеңиш күнү жүздөгөн түгөйлөр Өчпөс оттун жанында бийге түшөт

Бишкек шаарынын  тургундарын жана конокторун 9-майда өтө турган  «Жеңиш вальсы» эл аралык акциясына катышууга чакырышат.  Уюштуруучулар «Евразиялыктар — жаңы толкун» фонду.

«9 –майда Бишкек шаарында  Жеңиш күнүн майрамдоонун алкагында  масштабдуу жана укмуштуудай иш-чара өтөт.  Анда Жеңиш  аянтында  жүздөгөн түгөйлөр вальс бийлешет », — деп билдиришет  фонддон.

15 жогорку окуу жайдын студенттери, мектеп окуучулары, чыгармачыл жамааттар, коомдук ишмерлер жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары акцияга катышууга макул болушкан.

«Башкы репетиция 3-май күнү саат 15.00дө Жеңиш аянтындагы Өчпөс оттун жанында болот», — дешет уюштуруучулар.