Жеңиш! Көк бөрү боюнча финалдык беттеш 32:9 эсебинде жыйынтыкталды
Кыргызстандын көк бөрү боюнча курамасы менен Өзбекстандан келген спортчулардын бүгүнкү беттеши кыргыз оюнчуларынын пайдасына ири эсеп менен аяктады. Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда саат 18:00дө башталган финалдык беттеш 32:9 эсеби менен жыйынтыкталды.
ДКО уюштуруу катчылыгы билдиргендей, Көк бөрү мелдешинин жалпы байге фонду 6 млн. 200 миң сомду түзөт. Биринчи орун үчүн байге 3 млн. сом, 2-орун үчүн – 1,5 млн. сом. 3-орун үчүн – 1 млн. сом.
Көк бөрүнүн мыкты оюнчусу жана Көк бөрүнүн мыкты аргымагы байгеси үчүн 100 миң сомдон берилет.
3-сентябрдан бери ат майданда өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдешке ар кайсы мамлекеттен келген 11 команда катышып, 1-орунду кыргыз курамасы, 2-орунду өзбектер, 3-орунду коңшу казак улакчылары алышты.
19:40та байгелүү орундарга ээ болгон командаларды сыйлоо аземи башталды.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: