05.06.2018 14:02

Жыл башынан бери 21,8 миң адам «балага сүйүнчү» жөлөк пулун алышты

Жыл башынан бери 21,8 миң адам  «балага сүйүнчү» жөлөк пулун алышты

Жыл башынан бери 21,8 миң адам бир жолу берилүүчү «балага сүйүнчү» жөлөк пулун алышты. Бул үчүн бюджеттен 90 млн сом бөлүндү. Мындай маалымат менен Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын жетекчиси  Жыпара Рысбекова бөлүштү. 

Айтымында, 2018-жылы 159 миңден ашык балага мамлекеттик жөлөк пул берилет.  Азыр Мамлекеттик каттоо кызматы менен «балага сүйүнчү» алууга арыздарды бирдиктүү терезе принциби менен кабыл алуу боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылып жатат. 

«Үй-бүлө Жарандык абалдын актыларын каттоо органына же Калкты тейлөө борборуна туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылганда, ошол эле жерде «балага суйунчу» алуу үчүн арыз жазат. Биз электрондук арыздардын негизинде жөлөк пул төлөйбүз. Процедураларды тактоо үчүн пилоттук долбоорду 1-августка чейин узарттык. Андан кийин, кандай жол менен арыз тапшыруу жарандарга ыңгайлуу экенин чечебиз», — деп билдирди  Жыпара Рысбекова.