17.10.2018 11:06

Жылуулук берилет. Бишкек мэри токтомго кол койду

Жылуулук берилет. Бишкек мэри  токтомго кол койду

Бишкек мэри Азиз Суракматов жылуулук берүүнү баштоого уруксаат берди. Бүгүн, 17-октябрда калаа башчы тиешелүү токтомго кол койгонун маалымат кызматтан билдиришти. 

«Балким, алдыдагы күндөрдө күн ачылып, жылуу болуп кетиши мүмкүн. Бирок, миңдеген бөбөктөр, ооруканадагылар үшүп жатканын эске алып, мэр жылуулук берүүнү баштоого макулдук берди», -дешти мэриядан.

Дорогие бишкекчане! Мы понимаем, что возможно будет потепление, но тысячи маленьких горожан мёрзнут в садиках, школах, в больницах тоже не тепло. Сегодня мэр А.Суракматов подпишет распоряжение о начале отопительного сезона❤️ #Сүйүктүүбишкегим #Бишкеклюбимыйгород

— Мэрия города Бишкек (@bishkekcityhall) October 17, 2018

Маалыматка караганда, объектилерди жылуулукка кошуу эртең, 18-октябрда башталып, толук камсыздоо үчүн бир нече күн кетет. Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет.

Экинчи кезекте,  жылуулук үчүн карызы жок турак үйлөр, өнөр жай ишканалары жана мекемелер камсыздалат.