06.04.2018 13:02

Жыргалбек Турускулов интернетке тараган сүрөт боюнча түшүндүрмө берди

Жыргалбек Турускулов интернетке тараган сүрөт боюнча түшүндүрмө берди

Жогорку Кенештин депутаты,  “Республика-Ата журт” парламенттик фракциясынын жаңы лидери Жыргалбек Турускулов интернетке тараган сүрөт боюнча түшүндүрмө берди. Эске салсак буга чейин интернет желелеринде атылган аркар менен сүрөткө түшкөн, Турускуловго окшош адамдын сүрөтү жарыяланган.

Депутаттын билдиргенине караганда аталган сүрөт 10 жыл мурда тартылган жана аркарды атууга Турускуловдун уруксааты болгон.  Сүрөттөгү  "Марко Поло" аркары Кыргызстанда Кызыл китепке кирген. Ошентсе да, атайын уруксаат менен кайберенге аңчылык кылууга уруксаат берилет. Ан үчүн 450 миң сом төлөп, лицензия сатып алыш керек. Бирок, аңчылык кылууга уруксаат берүүнүн кесепетинен аркардын саны азайып баратканы айтылып, айрым депутаттар кайберендерди атууга мораторий киргизүү сунушу менен чыгышкан болчу. 

2017-жылдын 16-мартында Жогорку Кеңеш Кызыл китепке кирген  жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий жарыялоо боюнча мыйзам долбоорун добушка салган. Анда 56 эл өкүлү мыйзам долбооруна киргизилишине "каршы", 52 депутат "макул" деген добуш берип, төрт добуш жетпей, мыйзам долбоору өтпөй калган. Кайберенге аңчылык кылганга "каршы" добуш бергендердин арасында дал ушул  Жыргалбек Турускулов да  бар эле.