23.08.2018 13:11

Жыйырма жети жылдан бери жарыксыз отурган Кызыл-Бейит айылы электр энергиясы менен камсыз болду

Жыйырма жети жылдан бери жарыксыз отурган Кызыл-Бейит айылы электр энергиясы менен камсыз болду

Аксы районундагы Кызыл-Бейит айылынын тургундары күн панелдери аркылуу электр энергиясы менен камсыз болушту.  Бул туурасында Улуттук энергохолдингтен билдиришти.

Кызыл-Бейит айылы өлкөдөгү алыскы аймакта жайгашкан айылдардын бири. Ага жетүү үчүн Нарын дарыясын сүзүп өтүү керек. 87 түтүн жашаган айыл Кыргызстан көз карандысыздыкты алгандан бери электр энергиясына туташа элек болчу.  

Айылга чейин электр куурларын жеткирүү өтө көп чыгымды талап кылгандыктан, адистер тарабынан башка чарасы табылды – күн панелдерин колдонуу. Азия өнүктүрүү банкынын жардамы менен 17-август күнү Кызыл-Бейит айылындагы 50 үй-бүлө электр энергиясы менен колдонуп башташты.