27.09.2018 13:40

ЖК депутаты коңшу мамлекеттерге сууну бекер бербей, сатууну сунуштады

ЖК депутаты коңшу мамлекеттерге сууну бекер бербей, сатууну сунуштады

Ушу тапта айыл чарба өнүмдөрүнүн баасы өтө төмөн болуп, дыйкандардын мээнети акталбай жатат. Мисалы, буурчактын баасы 30-35 сомдон, кара өрүктүн баасы 7-8 сомдон ашкан жок. Бул тууралуу депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Эмне үчүн Айыл чарба министрлиги бул багытта иш жүргүзбөйт? Дегеле алар эмне жумуш кылат? Министрлик дыйкандар өстүргөн айыл чарба өнүмдөрдү экспорттоого көмөк көрсөтүшү керек», - деди ал.

Андан тышкары, депутат өлкө аймагындагы суу сактагычтарда түзүлгөн кыйчалыш абалга Өкмөттүн көӊүлүн бурду. «Таластагы Киров суу сактагычында 2 миӊ гектар жер суу астында калган. Биз болсо андан Казакстанга суу топтоп берип жатабыз. Дегеле суу сактагычтарда топтолгон суунун 90 пайызын Казакстан менен Өзбекстан көп жылдардан бери бекер пайдаланууда. Өкмөт аларга акы төлөтүү чарасын колго алууга тийиш», - деди эл өкүлү.