21.09.2018 08:30

ЖК депутаты Тазабек Икрамовдун айдоочусу журналистке кол салды

ЖК депутаты Тазабек Икрамовдун айдоочусу журналистке кол салды

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Тазабек Икрамовдун айдоочусу журналистке кол салып, телефонун тартып алууга аракет кылды. Sputnik Кыргызстан агенттиги чатактын тасмасын жарыялады. 

Окуя кечээ, 20-сентябрда Чүй жана Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жол тескөөчүлөр шаардын ортосунан терезеси караңгылатылган жол тандабасты токтоткон.

«Айдоочунун аракетине айран-таң калган күбөлөр Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистин чакырышкан. Жерине келген журналист телефонуна тартып баштаганда, айдоочу ага атырылып, жакалап, телефонду алууга аракет кылган. Бул учурда айдоочу журналистти коркутуп, сөккөн. Алардын жаңжалына инспекторлор кийлигишип, араң ажыратып калышкан. Бирок токтотулган жол тандабастын ичинен жүргүнчүсү чыгып, журналистке тап берип, атырылган. Бул жолу да милиция кызматкерлери аны токтотуп калган», -деп жазат агенттик.

Жыйынтыгында инспекторлор протокол түзүп, мамлекеттик номери 02KG 570 AAA болгон Lexus 570 автоунаасын айып короого токтоткон. 

«Эске салсак, ушул эле автоунаа менен Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жүрөрү бышык. Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги кайсы эл өкүлү кандай автоунаа менен ишке келет деген видеодо депутат Икрамов дал ушул автоунаадан түшкөн. Депутаттын өзү менен байланышып, айдоочусу катышкан окуя тууралуу пикир алууга мүмкүн болгон жок»,- дейт агенттик.