15.05.2018 12:33

ЖК тармактык комитети унааларды каттоо мөөнөтүн 10 күнгө чейин узартууну колдошту

ЖК тармактык комитети унааларды каттоо мөөнөтүн 10 күнгө чейин узартууну колдошту

Бүгүн, 15-майда Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку кеңештин маалымат кызматынан билдиришти. 

Мыйзам долбоору коррупциялык факторлорду четтетүү, физикалык жана юридикалык жактардын автоунаа каражаттарын өз маалында каттатуусу (кайра каттатуусу) үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.

Долбоор аркылуу «КРдагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамдын транспорт каражаттарын каттатуу (кайра каттатуу) бөлүгүндөгү мөөнөттү 5 жумушчу күндөн 10 жумушчу күнгө чейин узартуу сунушталууда. Мындай ченем автоунаа каражаттарынын ээлери үчүн шарт түзүү максатында киргизилип жатат. Анткени унааларды азыркыдай 5 күндүн ичинде каттатууга баардык эле жарандардын мүмкүнчүлүгү болбой калган учурлар арбын.

Мыйзам долбоору 3-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.