31.07.2019 16:37
ЖК төрагасы Дастан Жумабеков чек ара маселесин парламентте талкуудан баш тартты
© КР Жогорку Кеңешинин маалымат кызматы
Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкканда, демейде күпүлдөп сүйлөгөн депутаттардын бирин да көрмөк турсун, уккан да жокпуз. Болбосо Жогорку Кеңеш чогулуп, чукул жыйын өткөрүүнү талап кылгандар көп болгон. Эл талап кылганы менен ардактуу эс алууга кеткен эл өкүлдөрү быш этип да койгон жок.
Кезексиз жыйынга чогулууну айрым депуттар да Исхак Масалиев, Карамат Орозова, Закир Шарапов жана Таабалды Тиллаевдер төрага Дастан Жумабековдун атына кат жолдошкон. Бирок төрага сунушту кабыл албай, «биздин ишибиз жок ал жакта» дегендей жооп узаткан.
April.kg элдин депутаттар чек арага барсын, жыйынга чогулсун деген талапка башка депутаттардын пикирин билип көрдү.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: