07.03.2018 17:00

ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков «Эне-бала мээрими» кризистик борборуна акчалай жардам көрсөттү

ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков «Эне-бала мээрими» кризистик борборуна акчалай жардам көрсөттү

Бүгүн төрага Дастанбек Жумабеков «Эне-бала мээрими» кризистик борборунун жетекчилери Иса Өмүракунов жана Таалайгүл Арзыматова менен жолукту. Бул тууралуу ЖК маалымат кызматынан кабарлашты. 

Жубайлар башында кыйын абалга тушуккан жалгыз бой энелерге көмөк көрсөтүшчү. Кийинчерээк кризистик борбордун базасында балдар үйүн негиздеп, ата-энелери таштап кеткен балдарды өз камкордугуна алып башташкан.

Учурда Иса менен Таалайгүл ар кандай жаш курактагы 30 баланы тарбиялап келишет.

ЖК Төрагасы Дастанбек Жумабеков 30 баланы тарбиялап, багуу оңой эмес экенин айтып, жубайларга  эмгеги жана чыдамдуулугу үчун ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, ыраазычылык кат тапшырып, балдар үйүнө акчалай көмөк көрсөттү.