27.06.2018 15:18

ЖК төрагасы Москвада кыргызстандык таксист коюп кеткен жарандарга материалдык жардам көрсөттү

  Москвадагы жол кырсыгы (6 материалов)
ЖК төрагасы Москвада кыргызстандык таксист коюп кеткен жарандарга материалдык жардам көрсөттү

Төрага Дастанбек Жумабеков Чыңгыз Анарбек уулунун үй-бүлөсүнө жана Москвадагы жол кырсыгынан жабыркагандарга материалдык жардам көрсөттү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматынан билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Москвада капысынан жол жээгиндеги адамдарды коюп алган Чыңгыз Анарбек уулунун жакындары менен жолугушту.  

Белгилей кетсек, Чыңгыз Анарбек уулу Москвадагы жүргүнчү ташыган такси фирмасында иштеп келген.   

Күтүүсүз катталган жол кырсыгынан улам, Россияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын күйөрмандары жабыркаган.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жолугушуу учурунда окуя тууралуу маалымат алып, Чыңгыз Анарбек уулунун туугандарына материалдык жардам тапшырды. Алар берилген каражатты жол кырсыгынан жабыркагандарга жөнөтүүнү көздөшүүдө.