24.04.2018 13:10

ЖКтин тармактык комитеттеринин төрагалыгына талапкерлер сунушталды

ЖКтин тармактык комитеттеринин төрагалыгына  талапкерлер сунушталды

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалыгына “Өнүгүү” жана “Ата Мекен” фракцияларынан талапкерлер сунушталды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 24-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болду.

Жыйында Жогорку Кеңештин  комитеттеринин төрагаларынын кызмат орундарына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” парламенттик фракцияларынын чечимдери каралды. Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Бакыт Төрөбаев жана  “Ата Мекенден” Алмамбет Шыкмаматов өз  талапкерлерин тааныштырды.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна депутат Тынчтык Шайназаров (“Өнүгүү-Прогресс”) жана депутат Наталья Никитенко (“Ата Мекен”) сунушталды.

Ал эми Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Зиядин Жамалдинов (“Өнүгүү-Прогресс”)  жана Эмил Токтошев (“Ата Мекен”) сунушталды.

Комитет мүчөлөрү сунушталган талапкерлерди Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштоо чечимин кабыл алышты.