12.09.2018 14:48

ЖМКлардын үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясы КСДПнын арызын карайт

ЖМКлардын үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясы КСДПнын арызын карайт

ЖМКлардын үстүнөн арызданууларды кароо комиссиясына КСДПдан  «Майдан-пресс» басылмасынын,  Kyrgyztoday.kg жана Nazarnews.kg интернет-ресурстарынын дарегине арыз түштү. Бул туурасында Медиа Өнүктүрүү борборунан билдиришти.

Маалыматта, «2018-жылдын августунда «Майдан-пресс» басылмасында «Атамбаевдин Сокени кулатууга  арналган 20 миллион доллары - мифпи же чындыкпы?» аталышындагы макаласы жарык көргөн. Ушул эле маанайдагы материалды Kyrgyztoday.kg интернет-ресурсу «Алмаз Атамбаев Чүйдүн аксакалдарын чогултуп, бийликке каршы чыгууга үндөдү» деген аталышта жарыяласа, Nazarnews «Атамбаев төңкөрүш жасоого камданууда!» деген ат менен чыгарган», - деп айтылат. 

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул үч басылма тең журналисттердин Этикалык кодексин бузуп, коомду адаштырып жатат  деп эсептейт. 

Бүгүн Комиссия  аталган арызды карап, өз чечимин чыгарат. Отурум ачык түрдө өтөт.