14.06.2018 19:54

Жогорку Кеңеш Абылгазиевдин отчетун канааттандыраарлык деп тапты

Жогорку Кеңеш Абылгазиевдин отчетун канааттандыраарлык деп тапты

Жогорку Кеңеш Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2017-жылдагы Өкмөттүн аткарган иши тууралуу отчетун канааттандырарлык деп тапты. Бул туурасында өкмөт аппаратынын малыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы аткарган иши тууралуу отчет берди.

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, отчеттук мезгилдеги Өкмөттүн ишиндеги жетишкендиктери, артыкчылыктары жана көйгөйлүү маселелери тууралуу баяндама жасады.

Ошондой эле Өкмөттүн мүчөлөрү Премьер-министр баш болуп парламентарийлердин суроолоруна жооп берди.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2017-жылдагы Өкмөттүн аткарган иши тууралуу отчетун канааттандырарлык деп таануу чечимин кабыл алышты.