04.09.2018 10:31

Жогорку Кеңеш биринчи сессиясын 10 мүнөт 52 секундада жыйынтыктады

Жогорку Кеңеш биринчи сессиясын 10 мүнөт 52 секундада жыйынтыктады

Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин кезектеги сессиясынын ачылыш аземи болду. Анда 95 депутат катышып жатканы айтылды. Алгачкы 4 мүнөт 46 секундасын депутаттар чогулуп, учурашып, орундарына жайланышууга коротушту. 

Жыйынды ачкан Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков кесиптештерин кезектеги сессиянын башталышы менен куттуктады. Регламент боюнча 4-5-сентябрь күндөрү Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери жыйын өткөрүшү керек экенин айткан төрага, комитеттер мыйзам долбоорлорун дайын кылганда ЖК ишин улантаарын айтты.  

Жумабеков Чолпон-Ата шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатканын белгилеп, депутаттарды активдүү катышып берүүгө чакырды. Ошентип, Жогорку Кеңештин депутаттарынын бүгүнкүгө белгиленген сессиясы 10 мүнөт 52 секундада жыйынтыкталды.