17.10.2018 13:39

Жогорку Кеңеш ТИМ башчылыгына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш ТИМ башчылыгына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш тышкы иштер министри кызматына сунушталып жаткан Чыңгыз Айдарбековдун  талапкерлигин колдоду. 101 депутат Айдарбековдун талапкерлиги үчүн макул деп добуш берди, каршы болгондор жок. 

Аны парламентте депутаттарга тааныштырган Мухаммедкалый Абылгазиев колдоп бергендери үчүн ыраазычылык билдирди. 

Эскерте кетсек, буга чейинки министр Эрлан Абдылдаев 12-октябрда өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.