25.04.2018 09:53

Жогорку Кеңеште жаңы депутат өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти

Жогорку Кеңеште жаңы депутат өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти

Жогорку Кеӊеште «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Келдибаев Сагындык Аширалиевич ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал вице-премьер-министр кызматына дайындалган  Алтынай Өмүрбекованын ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Сагындык Келдибаевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.