19.09.2018 10:08

Жогорку Кеңеште өкмөттүн 3 өкүлүнүн талапкерлиги каралып жатат

Жогорку Кеңеште өкмөттүн 3 өкүлүнүн талапкерлиги каралып жатат

Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө. Анда өкмөттүк аппараттын жетекчиси, юстиция министри, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин тѳрагасы кызматтарына талапкерлер каралып жатат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев юстиция министри кызматына Марат Жаманкуловдун, өкмөттүк аппарат жетекчилигине Шамилбек Асымбековдун, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагалыгына Эмил Осмонбетовдун талапкерлигин сунуштаган.

Жыйында Өкмөт башчы сөз сүйлөп, депутаттарды талапкерлердин өмүр баяны, буга чейинки ишмердүүлүгү менен тааныштырып өттү. Ошондой эле, алардын билими жана тажрыйбасы аталган кызматтарды ээлөөгө мүмкүнчүлүк берерин билдирип, эл өкулдөрүнөн аларды колдоп коюуну суранды. 

Учурда талапкерлер депутаттардын суроолоруна жооп беришүүдө.