Жогорку Сот Албек Ибраимов боюнча райсоттун өкүмүн күчүндө калтырды
Жогорку Сот бүгүн, 1-октябрда Албек Ибраимовду 28-октябрга чейин камакта кармоо боюнча Биринчи май райсотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу April.kg порталынын кабарчысы билдирди.
Буга чейин, 27-августта Биринчи май райондук соту Ибраимовду камакта кармоо мөөнөтүн 28-октябрга чейин узарткан. Бишкек шаардык сот 17-сентябрда райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Буга нааразы жактоочу Жогорку Сотко кайрылган.
Эскерте кетсек, Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов 19-июлда УКМК тарабынан камакка алынган. Мурунку калаа башчысы «Дастан» ишканасынын мүлкүн коротуу жана өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча 171-берене менен козголгон кылмыш ишине шектелип жатат. Ошондой эле, тергөө Албек Ибраимов «Дастан» ишканасын жетектеп турган кезде шаймандарды жеткирүүчү компаниядан акчалай сыйлык катары 270 миң доллар алган деген айыптарды тагууда.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: