19.10.2018 10:21

Жогорку Сот Илмияновду камоо боюнча чечим чыкканын тастыктады

Жогорку Сот Илмияновду камоо боюнча чечим чыкканын тастыктады

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Икрам Илмияновду камоо боюнча токтом чыгарганы чын. Бул маалыматты April.kg порталына Жогорку соттун маалымат кызматынан тастыкташты. 

Буга чейин социалдык тармактарга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчисин камоо боюнча сыртынан чыккан токтомдун сүрөтү тарап кеткен. 

Кагаздагы маалыматка караганда, сот Илмияновду УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган.

Андан сырткары, Илмиянов тергөө органдарына жеткирилген күндөн тарта 48 сааттын ичинде сотко алынып келинип, аны кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү текшерилиши керек. 

УКМК Илмияновду кайсы кылмыш иши боюнча камоо чечими чыккандын расмий айткан жок. Болгону ал учурда издөөдө экенин билдирди. 

«2018-жылдын июнунда ал өлкөдөн чыгып кеткен, учурда кайда экени белгисиз. УКМК керектүү ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп жатат», -деп айтылат маалыматта.

Ал эми, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Икрамжан Илмияновдон акыркы жолу жайында кабар алганын, ал кезде Илмиянов Москвада жүргөнүн билдирди. 

«Биз Илмиянов менен сүрөтчү Азамат Жаналиев УКМКга арыз жазганда байланышканбыз. Ошол учурда ал апасын дарылатып Москвада жүргөнүн айткан. Андан бери байланыша элекпиз. Негизи Илмиянов президенттик шайлоодон кийин партиялык иштерден алыстаган. Ал саясаттан чарчаганын айткан. «Саясаттан кетем, эс алам» деген оюн билдирген болчу», - дейт Кундуз Жолдубаева.