12.06.2019 11:44

Жогорку Сот: С. Абдрахмановдун Алмазбек Атамбаевге карата доо арызы 19-июнда каралат

Жогорку Сот: С. Абдрахмановдун Алмазбек Атамбаевге карата доо арызы 19-июнда каралат

Сагынбек Абдрахмановдун КСДПнын 6-апрелде өткөн съездин «жараксыз» деп табуу боюнча жолдогон доо арызы 19-июнда каралат. Бул туурасында Жогорку Соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов 6-июнь күнү Биринчи Май райсотуна А.Атамбаев жана А. Кодуранованын үстүнөн 2019-жылдын 6-апрелинде өткөн КСДПнын 18-съездин жана Саясий кеңештин 25-майдагы отурумунун протоколун «жараксыз» деп табуу өтүнүчү менен кайрылган.

Ошол эле күнү райондук сот доо арызды өндүрүшкө алып, 19-июнда кароону чечкен. 

Доо арыз менен бирге Абдрахманов соттон доону камсыз кылуу үчүн Юстиция министрлигине Бирдиктүү реестрдеги КСДПнын маалыматына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салууну суранган. Биринчи Май райондук соту бул өтүнүчтү аткарган. 

«Белгилей кетсек, доону камсыз кылуучу чараларды көрүү маселесин сот тараптарга кабарлабай туруп, өзү чечет. Ишке катышып жаткан тараптар Аныктама менен макул болбогон учурда жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыла алышат», -деп айтылат Жогорку Соттун маалыматында.