03.07.2018 17:05
Жогорку Сот Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн качан карай турганы белгисиз
© Сабыр Аильчиев
Жогорку Сот Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн качан карай турганы белгисиз. Бул туурасында Knews Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновго таянып билдирди.
Маалыматка караганда, мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү Жогорку Сотко жиберилгенине көп болду. Бирок, соттук отурумдун өтчү күнү белгилене элек.
«Биз азыр кайсыл күнү каралаары тууралуу билдирүүнү күтүп жатабыз», – деген жактоочу.
Эскерте кетсек, 2018-жылдын 5-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурунку премьер-министр С.Исаковду тергөө аяктагыча Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын тергөө камак жайына кармоо чечимин кабыл алган.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: