29.08.2018 10:00, Аман Бакиров

Жогорку Сотто Сапар Исаковдун жактоочусунун доо арызы каралууда

Жогорку Сотто Сапар Исаковдун жактоочусунун доо арызы каралууда

Бүгүн 29-августта Жогорку Сотто мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечиминин үстүнөн доо арызды кароо башталды. Бул тууралуу  April.kg порталынын кабарчысы билдирди. 

Сот отуруму жабык өтүп жатат. Исаковдун туугандары, тарапташтары жана ЖМК өкүлдөрү жыйындын бүтүшүн күтүп, сыртта турушат.

Биринчи май райондук соту 31-июлда Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, 5-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. 9-август күнү биринчи инстанциянын чечими Бишкек шаардык сотунда каралып, жактоочу тараптан айтылган жүйөөлөр эске алынбастан, чечим күчүндө калтырылган. Буга нааразы болгон Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Жогорку Сотко кайрылган.

Мурунку премьер-министрге «2013-жылы президент аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген», — деген айып тагылууда.