Жол кырсыгына кабылган стилист Асель Мамбеткалиева өзүнө келбей, каза тапты
Мындан 10 күн мурун жол кырсыгына кабылган стилист Асель Мамбеткалиева өзүнө келбей, каза тапты. Бул туурасында Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, бейтап бүгүн, 26-февралда комадан чыкпай каза тапкан. «Ал бизге түшкөндөн бери абалында эч кандай жылыш болгон жок. Он күн бою комада жатты. Алган жаракаттары менен жашап кетиши мүмкүн эмес эле», — деп билдиришти ооруканадан.
Эскерте кетсек, Асель Мамбеткалиева 17-февраль күнү болжол менен саат 8:00 чамасында Бишкектеги Дэн Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде «Лексус» үлгүсүндөгү унаада баратып, жол кырсыгына кабылган. Унаа айдоочусу ошол жерден каза таап, Асель Мамбеткалиева оор абалда №4 шаардык ооруканага жеткирилген.
Кийин стилисттин боору айрылып, баш мээси катуу чайкалганы, баш сөөгү, жамбаш сөөктөрү, кабыргалары сынганы аныкталган.
Асель Мамбеткалиеванын артында 3 баласы калды.
April.kg порталы маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: