Жол кырсыгынан катуу жабыркаган аял бир сутка кароосуз калган
Жол кырсыгына кабылып, катуу жаракат алган аялды Ош облустук ооруканасы бир сутка кароосуз калтырган. Бул тууралуу аялдын туугандары Инстаграмдагы molodye_mamochki_kg коомчулугуна билдиришти.
Маалыматка караганда, аял 2-сентябрь күнү Ош шаарындагы көпүрөдөн кулаган маршруттук таксинин ичинде болгон.
«Бул жол кырсыгынан менин таежем (апамдын бир тууганы) катуу жабыркады. Анын омурткасы төрт жеринен, эки колу ар кайсы жеринен сынган. Ошондой эле, жамбаш сөөгү да сынып, башынын баары кан, баш сөөгү жабыркаган го деп ойлоп жатабыз. Таежемди Ош облусттук ооруканага алып келишсе, бир сутка каралбай, коридордо жатыптыр. Оорусун басаңдатып коюучу дары да сайып коюшпаптыр», -деп жазат интернет колдонуучу.
Ал ошондой эле, туугандары аялды Бишкек шаарына алып келүүгө ниеттенип жатышканын билдирди.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: