03.09.2018 17:19

Жолдун унаа өтчү бөлүгүндө уктап жаткан жол тескөөчүлөрүнө чара көрүлөт

Жолдун унаа өтчү бөлүгүндө уктап жаткан жол тескөөчүлөрүнө  чара көрүлөт

Таламандын тал түшүндө жолдун унаалар өтчү бөлүгүнө автоунаасын токтотуп коюп, уйкуга кирген Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторлорунун видеосу социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Тасма шаар тургуну тарабынан Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүнүн Манас проспектиси менен кесилишкен аймагында тартылган. 

Анда жолдун экинчи тилкесинде «Ford Foсus» үлгүсүндөгү B 49 85 AL номерлүү унаада жол тескөөчүлөрдүн формасын кийген эки адамдын катуу уктап жатканын көрүүгө болот.

April.kg порталына Бишкек шаары боюнча ЖКККБнын маалымат кызматынан инспекторлор нөөмөт учурунда чарчап уктап калганын билдиришти.

«Бул, албетте, жол эрежелерин бузгандыкка жатат.  Учурда кызматтык иликтөө жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен кандай чара көрүлөөрү чечилет», -дешти маалымат кызматтан.