13.09.2018 08:30

Жолго унаасын токтотуп коюп, уктап калган эки жол тескөөчү жазаланды

Жолго унаасын токтотуп коюп, уктап калган эки жол тескөөчү жазаланды

Жолдун унаа жүрчү бөлүгүнө унаасын токтотуп коюп, уктап калган эки жол тескөөчү тиешелүү жазасын алды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.  

Сентябрдын башында социалдык түйүндөрдө күндүзгү нөөмөт учурунда жолдун ортосуна унаасын токтотуп, уйкуга кеткен эки инспектордун тасмасы кызуу талкууга алынган. 

ИИМ текшерүү жүргүзүп, тасма быйыл 29-августта саат 17:25те Бөкөнбаев жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде тартылганын тактады. «Ford Focus» үлгүсүндөгү, В 4985 AL мамлекеттик номерлүү жеке унаанын ичинде уктап жаткан экөө - Бишкек ШИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын  кызматкерлери-  милициянын прапорщиги Б.К. жана милициянын старшинасы Т.М. экени аныкталган. Алар нөөмөт учурунда уктап кетишкен. 

Жогорудагы кызматкерлер ал күнү таңкы 6:00да жумушка чыккандарын, ага чейин суткасына 16-18 сааттан иштешкендиктен, көздөрү илинип кеткенин айтышкан. Эки кызматкерге тең катуу сөгүш жарыяланды.