10.12.2018 15:49
Жумгал районунда мушташтан улам 8-класстын окуучусу каза тапты

Нарын облусунун Жумгал районунда мушташтан улам окуучу бала каза тапты. Бул туурасында райондук ИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 9-декабрда Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы «Ынтымак» спорт ордосунда волейбол боюнча мелдеш өткөн. Мелдештен кийин эки айылдын окуучуларынын ортосунда уруш чыгып, ал мушташка жеткен. Анын кесепетинен Беш-Терек айылындагы мектептин 8-классынын окуучусу каза тапкан.
Учурда Жумгал райондук ички иштер башкармалыгында окуяга катыштыгы бар делген окуучу балдар, мугалимдер жана ата-энелер сурак берип жатышат.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Апрель 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Выбранная дата: