27.09.2018 17:13

Журналист Канат Каниметов Белизден келген документтерди жарыялады

Журналист Канат Каниметов Белизден келген документтерди жарыялады

Жогорку Кеңештин 19-сентябрдагы отурумунда эл өкүлдөрү Белиз боюнча КТРК журналисттерине келген жооптун түп нускасы кайда экенин териштиришти. УКМК жетекчиси Идрис Кадыркулов мекемеде бул боюнча документтер катталбаганын билдирди. 

Депутаттар КТРКнын 2016-жылкы материалын эстешип, анда Белизге суроо жөнөткөн журналисттерге расмий документ келгени тууралуу сөз болгонун айтышкан. КТРК жетекчиси Илим Карыпбековдон документти көрсөтүүнү сурашкан. Ал, өз кезегинде, айтылган материалды журналист Канат Каниметов жасаганын билдирген. (азыр «Апрель» телеканалынын кабарчысы).

Канат Каниметов Фейсбуктагы баракчасында Илим Карыпбековдун өз дарегине жолдонгон суроосуна жооп берди. 

«Бул теманын тегерегиндеги ызы-чуу басаңдап, ачык сүйлөшүүгө мезгил келди. Акыркы бир нече жумада Жогорку Кеңеште Белизден келген документтер тууралуу сөздөр кайра башталды. Мунун арты менен жаңылыктарда менин атымды бир канча жолу айтышты. Фейсбуктагы досторум бул боюнча жооп берүүмдү сурап жүрүшөт. Анда жооп берейин.

2016-жылдын күзүндө УКМК жетекчиси Абдиль Сегизбаев президентке Белизден трасттык документтер алынганын билдирген. Анда «Ата-Мекен» партиясынын 3 депутаты «Мегакомду» сатуудан кандайдыр бир пайда көрөөрү тууралуу сөз болгон.

Кийин партия мүчөлөрү бул документти жасалма деп чыгышкан. Текебаев өзү дагы жасалма деген. Мындай документти түстүү принтерден басып чыгарып коюш оңой эле деген сөздөр кеткен. 

Мындан улам, Белизден Бишкекке ушундай номер менен апостиль жөнөтүлгөнү чын экенин билүү маанилүү болгон. Көпкө издеп атып, мен аягында «Куртенай» юридикалык фирмасы менен байланышкам. Ал жактан бат эле: «Апостилдер чынында эле 2016-жылдын 21-октябрында берилген» деген жооп алгам. Документте эмне жазылганы тууралуу сөз болгон эмес.

«Ата-Мекен» партиясы да дал ушундай жооп алган. Текебаев кабарчыларга «…кожоюндарын айтууга мүмкүн эмес. Компанияны каттоодогу шарттарга байланыштуу, маалыматты анын ээси же акционери гана ала алат», деп жазылган документти көрсөткөн. 

Муну менен мен эмне айткым келди? Апостилдер болгон жана юридикалык компаниянын жообуна караганда- жасалма эмес. Мен журналист катары суроо жөнөттүм, мага жооп беришти. Документтер бар конвертти мен КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго алып барып бердим. Юридикалык бөлүм аны каттоого алып, УКМКга өткөрүп берген. Мына, болгон ушул», - деди кабарчы. 

Ошондой эле, Белизден келген документтердин сүрөтүн жарыялады.