31.10.2018 11:19

Жүк ташуучу унааны мыйзамсыз киргизген жаран мамлекетке 1,1 млн төлөдү

Жүк ташуучу унааны мыйзамсыз киргизген жаран мамлекетке 1,1 млн төлөдү

Жалал-Абад облусунда жүк ташуучу унааны аткезчилик жол менен киргизген учур аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан (Каржы полициясы) билдиришти. 

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө каржы полициясынын кызматкерлери тарабынан «SCANIA R420» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа табылган. Аны өлкөгө бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн, мурда ачыкталган коррупциялык схема боюнча киргизилген. 

Териштирилип жаткан кылмыш ишинин алкагында,  унаа ээси мамлекетке келтирилген 1 миллион 133 миң 255 сом зыяндын ордун толтуруп берди.