03.10.2018 12:30

Жүргүнчү аялды балдарынын көзүнчө сабаган айдоочунун өздүгү такталды

Жүргүнчү аялды балдарынын көзүнчө сабаган айдоочунун өздүгү такталды

Автотранспорт агенттигинин Чүй аймактык башкармалыгы маршрутка айдоочусунун жүргүнчү аялга кол көтөрүү фактысы боюнча текшерүү ишин баштады. Бул туурасында «Вечерний Бишкек» гезити жазып чыкты. 

«Ал киши чындап эле Кара-Балта – Бишкек каттамы боюнча эл ташыган маршруттук таксинин айдоочусу болуп иштейт. Анын өздүгү да такталды  - Канатбек Кенебеков. Агенттиктин кызматкерлери айдоочуну таап, Башкармалыкка алып келүү үчүн маршруттук таксилер токтоочу жайга чыгып кетишти. Аны бул жакка алып келип, сүйлөшөбүз»,- деген Автотранспорт агенттигинин Чүй аймактык башкармалыгы. 

Алар азырынча уруш эмнеден чыкканын жана кандай аяктаганын билбей турганын айтышкан.