04.04.2018 09:15

Жөлөкпулдар боюнча мыйзам өзгөртүүлөрдөн соң күчүнө кирди

Жөлөкпулдар боюнча мыйзам өзгөртүүлөрдөн соң  күчүнө кирди

Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  Мыйзамга кол койду. Мыйзам  балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоону жакшыртууга багытталган.

Эми Мыйзамга ылайык:

- 2018-жылдын 1-июлунан тартып  аз камсыз  болгон үй-бүлөгө жөлөкпул дайындоо үчүн  үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо  пенсиянын бардык түрү эсепке алынбайт;

- 16 жашка чейинки балдарга «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу үй-бүлөнүн муктаждыгын эске алуу менен, киши башына кирешеси кепилденген минималдуу киреше өлчөмүнөн( 900 сомдон)  төмөн болгон  учурда берилет; 

- «балага сүйүнчү» - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм 2018-жылдын 1-январынан тартып жаңы төрөлгөн балдардын баарына, алардын төрөлгөн жерине карабастан бирдей өлчөмдө – 4000 сомдон  төлөп берилет. 

Ошондой эле Балдар жөнүндө кодекске, “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө” “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”  Мыйзамдарга өзгөртүүлөр  киргизилди.

Ал өзгөртүүлөрдө ишке кепилденген мамлекеттик социалдык стандарттарды  мыйзамдуу бекитүү - ишке жарамдуу жана ишке жарамсыз жарандар каза болгон учурда расымдык жөлөкпулду аныктоону караган, ошондой эле кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын даярдоо түрүндө активдүү мамлекеттик колдоо чараларын таркатууну расмий жумушсуздарга гана эмес, жумуш издеген жарандарга да кенейтүү ченемдери каралды. 

Мыйзам 2018-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.