01.06.2018 09:28

Үч облустун жайыт комитеттерине техника тапшырылды

Үч облустун  жайыт комитеттерине техника тапшырылды

Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жайыт комитеттери атайын техникалуу болду.  Тапшыруу салтанаты Ош шаарынын борбордук аянтында өтүп, ага вице-премьер-министр Замирбек Аскаров катышты. Бул туурасында өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

«Биздин республика агрардык болуп саналгандыктан, айыл чарба жумушчуларын, анын ичинде жайыт колдонуучуларды жалпы колдоо керек. Биздин милдетибиз – жайыттарды натыйжалуу пайдалануу шарттарын камсыздоо, анткени келечек муунга өлкөбүздүн өзгөчө жаратылышы кандай абалда жете турганы бизден көз каранды. Коюлган максаттарга жетүү үчүн биргеликте аракет кылуу зарыл», - деди вице-премьер-министр.

КРнын  Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги  атайын техникалардын баасынын 75 пайызын төлөп берген. Калган 25 пайызын  жергиликтүү жайыт комитеттери чыгарган.  Иш-чаранын алкагында жергиликтүү коомчулуктарга «Lovol, RongVei» үлгүсүндөгү 3 кубдук жана 1,8  кубдук тракторлор жана «Howo» самосвалдары тапшырылды.