19.11.2018 10:52

Үч-Коргон ГЭСинде авария болуп, бир генератор өчүп калды

Үч-Коргон ГЭСинде авария болуп, бир генератор өчүп калды

Үч-Коргон ГЭСинде авария болуп, бир генератор өчүп калды. Бул маалыматты «Электр станциялар» ишканасынын басма сөз кызматы таратты. 

Маалыматка караганда, бүгүн, 19-ноябрда Үч-Коргон ГЭСинде 45 мегаватт чыңалуу күчү бар №2-гидроагрегат өчүп калган.

«Анда статордун орому жарабай калып, оңдоо иштерин жүргүзүү зарыл болду. Алмаштырып коюуга тетиктерибиз бар, иш жүрүп жатат.  Электр энергиясын колдонуучуларга аталган авария эч кандай таасир этпейт, анткени резервдеги энергиянын чыңалуу күчү 259 мегаватт», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Калган станциялар штаттык режимде иштеп жатканын жана эч кандай маселе жок экенин басма сөз кызматы кошумчалады.

Эскерте кетсек, Үч-Коргон ГЭСи 1961-жылдан бери иштеп келе жатат. Учурда Азия өнүктүрүү банкы менен бирге аны жаңылоо иштери жүрүүдө.