17.04.2018 17:38

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө демөөрчүлөр көмөктөшөт

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө демөөрчүлөр көмөктөшөт

Centerra Gold Inc. компаниясы Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 750 миң доллар бөлүп берген. Бул туурасында Сапар Исаков бүгүн фракциялардын алдында өкмөттүн өткөн жылдагы иши боюнча отчет берип жатып билдирди.

Өкмөттүн маалыматына караганда, быйылкы Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө казынадан 316 млн сом каралган.

«Биз бул акчаны бөлүп койгон менен, демөөрчүлөрдү дагы кызматташууга чакырып жатабыз. Алардан  иш-чараны өткөрүүгө 1 млн алынды», –деди өкмөт башчы.

Ошондой эле ал Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Центерра башкы демөөрчү  катары чыкканын кошумчалады.