04.04.2018 10:38

Үлпөт тойдо уулангандардын алды ооруканадан чыгарыла баштады

Үлпөт тойдо уулангандардын алды ооруканадан чыгарыла баштады

31-марттан бери Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына  тамактан ууланган 204 адам кайрылган. 138 адам ооруканага жаткырылган.  

Бүгүн саат 9:00го карата алынган маалымат боюнча,  10 адам абалдары канааттандыраарлык деген бүтүм менен үйлөрүнө чыгарылып, ооруканада 128 адам калды.  

Чүй, Ысык-Көл жана  Нарын облустарынын ооруканаларына медициналык жардам сурап  45  адам кайрылган.  Учурда  36 адам ооруканада, 9 адам үйүндө дарыланууда.

Ооруканада жаткандардын абалы туруктуу, тиешелүү дарыларын алып жатышат.

Мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл борбору жабыркагандардан үлгү алып, лабораторияга жөнөткөн. Жыйынтыктары бүгүн-эртең белгилүү болоору күтүлөт.