Үйдөн сарайга, сарайдан чөпкө. Сузак районунда өрттүн жайылып кетүү коркунучуна бөгөөт коюлду

Сузак районунда өрттөн турак үй жана сарай күйдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык кечээ, 15-август күнү саат 15:44 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылында болгон.
Тилсиз жоонун кесепетинен Терешкова көчөсү №16 дарегинде жайгашкан жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 126 чарчы метр чатыры, үч бөлмө ичиндеги үй эмеректери жана үй тиричилик техникасы күйгөн.
Өрт кошуна үйдүн сарайына өтүп (Терешкова көчөсү №20), сарайдын жыгач устундуу шифер жабылган 100 чарчы метр чатыры жана 400 түк чөп күйгөн. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, саат 16:00дө чектөөгө алынып, саат 17:54тө толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: