22.10.2018 10:58

Үйсүз калган үлүшчүлөр: «Аида компани» рейдерлик басып алуучулук кылууда

Үйсүз калган үлүшчүлөр:  «Аида компани»  рейдерлик басып алуучулук кылууда

Бишкек шаардык сотунун алдында «Альянс холдинг» курулуш компаниясынын үлүш ээлери  нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат. Алар шаардык соттун «Альянс холдинг» курулуш компаниясынын активдерин «Аида компаниге» өткөрүп берүү чечимине нааразы. Бул тууралуу April.kg порталына пикетке чыккандар билдиришти.

Маалыматка караганда, 500гө жакын түтүн «Альянс холдинг» курулуш компаниясынан үлүшкө батир алууга акча төгүшкөн. Айрымдары жарым-жартылай берсе, көбүнчөсү толук кутулган.

«Мен өзүм 36 миң доллардын 19 миңин төлөп бүткөм. Көбү 100 пайыз кутулуп коюптур. Эми бизди Альянов алдап кеткени аз келгенсип, салынып бүтө элек үйлөрдү Аида компани өзүнө алып коймой болуп атат»,- дейт үлүшчүлөрдүн катарында пикетке чыккан Азамат. 

Анын  айтымында, өткөн шейшемби, 16-октябрда Бишкек шаардык сотунун соттору «Альянстын» активдерин «Аида компаниге» өткөрүп берүү чечимин чыгарган. 

«Азыр рейдерлик басып алуу болуп жатат. Биринчи инстанцияда бизге кабарлабай, акырын «Аида компанинин» пайдасына чечим чыгарып коюшуптур. Биз аны кеч уктук. Эми шаардык сот да окшош чечим чыгарды. Бир адам турган үйүн сатып, дагы акча кошуп,«Альянстан» үлүшкө үй алган экен. Өткөн шейшембиде чыккан соттун мыйзамсыз чечимин угуп, ошол күнү жүрөгү кармап, каза болуп калды», -деп билдирет  Азамат. 

Пикетке чыккандар бул иште өкмөттөн жардам сурайт. «Эгер үйлөргө ээ болуу укугу өзүбүздө калганда, кайра акча чогултуп, өзүбүз эле бүтүрүп алат элек. Бизге ошол да мүмкүнчүлүктү бербей жатышат», -дешет нааразы болгон үлүш ээлери.