20.01.2020 09:00

"Үмүт-2020" кыймылы президенттен үмүт артат. Ширин Айтматованын ачык кайрылуусу

"Үмүт-2020" кыймылы президенттен үмүт артат. Ширин Айтматованын ачык кайрылуусу

«Үмүт 2020» кыймылынын мүчөлөрүнө куугунтук болуп жатат. Бул тууралуу аталган кыймылдын жетекчиси Ширин Айтматова билдирип, Президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу жасады.

Ал Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусун суранып, кыймылдын кандайдыр бир саясий амбициясы жок экенин, өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелөөнү гана көздөрүн айткан.  

 «Биздин айрым мүчөлөрүбүздү камап, мүлкүбүздү рейдерлик басып алуу аракети жүрүп, бизге карата аңдуу жана чагымчылдык аракеттер жүрүп жатат. Сиз сөз эркиндигин коргоп, уурулар менен күрөшүүнү токтотпой турганыңызды айттыңыз. Бирок өлкөдө абал тескерисинче болуп жатат. Сизден өтүнөрүм, мени «Үмүт 2020» кыймылынын өкүлү катары кабыл алыңыз. Сиз менен өлкөдөгү репрессиялар жана сөз эркиндигине басым тууралуу бетме-бет сүйлөшкүм келет», — деп билдирди Ширин Айтматова.

«Үмүт 2020» кыймылы буга чейин бир катар коррупциялык көрүнүштөр тууралуу өз иликтөөлөрүн жарыялаган. Анын ичинде Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкү жана кирешеси тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзүп, «#REакция» митингине активдүү катышкан.

Андан көп өтпөй Ширин Айтматованын жарандык никедеги жолдошун УКМКнын кызматкерлери Алматыдагы аба майданынан кармап кетишкен. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда жатат.