20.07.2018 16:40

ӨКМ: Алдыдагы күндөргө карата күтүлгөн аба ырайы

ӨКМ: Алдыдагы күндөргө карата күтүлгөн аба ырайы

21-июлдан 23-июлга чейин Кыргыз Республикасынын көпчүлүк аймактарында абанын күндүк орточо температурасы климаттык нормадан +4…+6° жогору болуп, дыйканчылык аймактарда кургак жана ысык аба ырайы сакталып турат. Бул туурасында ӨКМден билдиришет.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17…+22°, күндүз +33…+38°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18°, күндүз +32…+37°, тоо этектеринде түнкүсүн +12…+17°, күндүз +28…+33°, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +20…+25°, күндүз +35…+40°, тоо этектеринде түнкүсүн +16…+21°, күндүз +33…+38°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +14…+19°, күндүз +25…+30°, Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +12…+17°, күндүз +30…+35°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10°, күндүз +27…+32°, тоолуу райондордо түнкүсүн +8…+13°, күндүз 21…26°, бийик тоолордо түнкүсүн +3…+8°, күндүз +13…+18 жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

21-25-июлда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайы
21-июлда жаан-чачын күтүлбөйт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо күн күркүрөшү күтүлөт. 22-июлда жана 23-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына1-6 метрге чейин жетет. 

23-июлда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. 

24-июлда ала булут каптап турат, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 24-июлда эртен менен, күндүз жана 25-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Баткен, Ош облустарында жана Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-июлда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-27-июлдарда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

21-23-июлда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

21-23-июлда Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

21-23-июлда Чолпон-Ата шаарында  жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.